Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

Саясий баяндамачы Сыргак Абдылдаевди бычактап кеткендерди таап жазалоону президент өзү жеке көзөмөлгө алышын журналисттик уюмдар талап кылышууда.

3-март күнү кечки саат жетилерде Тоголок Молдо-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен “Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевге белгисиз бирөөлөр кол салып, денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колунун чыканагынан жогору орто жилигин сындырып кетишкен. Учурда ал №4 оорукананын травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Анын учурдагы абалы орто экенин, ага карата чоң операциялар эми болорун Бишкек травматология жана ортопедия боюнча илимий-изилдөө борборунун директору, хирург-ортопед Сабыр Жумабеков билдирди:

-Эки колунун чыканагынын муундарынан жогору орто жилик деп коет го, ошонусу ачык сынган. Сөөктөрү талкаланып кеткен. Ошолорду чогултуш керек. 21 жеринен бычак жеди. Бирок ал ички органдарына кирген эмес. Эки колу катуу сынган. Азыр болгон күчүбүз менен дарылап жатабыз. Эки-үч жолу кан куюлду. Эми алдыда дагы эки чоң операция болот. Ошого дагы кан керек болот. Эми коркунучтан арылды. Бирок аны толук жакшы болду деп айтышка болбойт.

“Репортер-Бишкектин” жамааты, айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана журналист Сыргак Абдылдаевди жакындан билгендер бул кол салууну анын кесиптик иши менен байланыштырып, саясий кычаштык катары сыпатташууда.

“Репортер-Бишкектин” негиздөөчүсү Султан Каназаров бул окуя Сыргак Абдылдаевдин түздөн-түз жеке ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.

- Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланышы бар деп эсептейм. Биз бул окуядан башка себептерди көрбөй жатабыз. Ал жалаң гана саясий темада жазчу. Азыркы бийликти сындаган макалаларды да жазчу. Биздин гезит ортомчул көз карашты кармангандыктан, оппозицияны да бийликти да сындап келебиз. Бул кол салуу редакциянын жанында саат кечки жетиде, кымгуут мезгилде, шаардын эл көп жүргөн жеринде болгон. Борбордук көчөлөрдүн кесилишинде болгон бычактоону, эки колун сындырып салууну - бул атайын көз көрүнө, ачык айбат көрсөтүү деп кабыл алса болот. Кол салууну уюштургандар эч кандай башка ой пайда болбосун деп, кесиптик ишине байланыштуу экендигин бизге көзгө сайып көргөзгүсү келген деп ойлойм.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев акыркы жылдары бийлик тарабынан сөз эркиндигине кысым күчөгөнүн, жкрналисттердин коосуздугуна эч кандай мамлекет тарабынан кепилдик жоктугун билдирди

- Журналисттик кесип негизи жаман кооптуу кесип болуп калды. Азыр журналистикада иштеп жүргөн балдар чынын айтканда, өзгөчө акыркы окуядан кийин, Алишер Саиповду атып кеткенден кийин эки анжы болуп калышты, иштесемби, улантсамбы кесибимди-улантпасамбы деп. Буга мисал, Кыргызстандын чегинен биздин беш журналист баш баанек издеп чет мамлекетке кетип калган. Булар Кайрат Биримкулов, Турат Бектенов, ошол эле «Репортер Бишкек» гезитинен Хабира Мажиева, "Де Фактонун" баш редактору Чолпон Орозобекова менен анын жолдошу журналист Жеңишбек Эдигеев.

“Айат-пресс” гезитинин баш редактору Жылдыз Мусабекова учурда Кыргызстандагы журналисттердин өмүрү бычак мизинде экендигин, алардын коопсуздугуна коркунуч туулуп куугунтуктоо, сабап кетүү фактылары көп кездешкенин, атүгүл Жогорку Кеңештин депутаттары дагы коркутуп-үркүтөөрүн билдирди:

-Гезитке фактылардын негизинде жазылган материалдыр чыкса коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Ал түгүл Жогорку Кеңештеги аттуу-баштуу депутаттар деле, аттарын атабай эле коеюун, “мен сени бир бүркүп жок кылам” дегендер дагы болуп жатат. Жада калса гезиттеги макаланын аталышына, темасына дагы таарынышат. Өздөрү ар нерселерди айтып алышат дагы, эл кызыксын деп тема коюп койсоң, “Эмне үчүн мындай тема коесуң? Мен сени бир бүркүп жок кылам”,-деп эл депутаттары, Жогорку Кеңеште отурган жакшынакай эле адамдар опурулушат, аларды көрсөң ошончолук орой деп ойлобойсуң. Элге күйгөн адамдар да. Анан кыздарды ошентип коркутуп жаткандан кийин, эркек журналисттерди сөгүп-сагып айласын кетирет болуш керек. Коопсуздук албетте кыйын. Чындыкты гезитке жазайын десең эле бир нерселерин көтөрүп чыгып эле, аңдып артыңан түшүп алышат. Азыр журналисттерге абдан эле кыйын болуп калды. Эгерде накта маалыматтарды фактылар менен жаза турган болсоң Кыргызстанда бир дагы таза, ак иштеген чиновник табылбайт. Анын баарын жаза берсе өлкөдө журналисттер калбай калат, ушинтип көрүнгөн жерден бычактап, уруп согуп кете берсе.

Алишер Саипов.
Буга чейин 2007-жылы октябрда Ош шаарында жаш журналист Алишер Саиповду белгисиз адамдар атып кетсе, төрт-беш журналист кесиптик ишине байланыштуу белгисиз адамдар тарабынан токмоктолуп, денесинен жаракат алышкан. Аларга кол салуу фактысы боюнча кылмыштын бети али күнчө ачыла элек.

Мындай көрүнүш Кыргызстандын эл аралык аброюуна доо кетирүүдө, дейт “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков.

-Журналисттердин коопсузудугу коркунуч жаратып жатат. Айрыкча кийинки эки жылда абдан күч алды. Кийинки кездерде биздин мамлекетте журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуунун ордуна тескерсинче, куугунтукка алуу, эркин сөздү ооздуктоо сыяктуу көрүнштөр күчөгөнүнө күбө болуп эле жатпайбызбы. Мындай көрүнүнүш Кыргызстандын эл аралык аброюна жаман көлөкө түшүрүп жатпайбы.

Бабырбек Жээнбеков белгилегендей журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу саясий себептерден улам болгон.

Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов журналистке кол салуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин бети ачылганча ар кандай божолдорду айтуудан этият болуу керектигин айтты.

Президенттин катчылыгы болсо журналист Сыргак Абдылдаевге кол салууга байланыштуу атайын билдирүү таратып, анда ММК өкүлдөрүнө ар кандай мыйзамсыз күч колдонууну жана кысымга алууну айыптаган. Бул маселе боюнча укук коргоо органдары журналистке кол салгандарды таап, жазага тартууга бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, өзгөчө көзөмөл кылуу керектигин, кылмыш ишинин тез арада иликтенип, айыптуулардын жазаланышына кызыкдар экендигин билдирген.

“Медиа өкүлчүлүгү институту”, “Журналисттер” коомдук уюму, “Медиа консалт” кору жана башка бир нече медиа уюмдарынын кайрылуусунда Сыргак Абдылдаевге кол салууну анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырышып, Кыргызстанда акыркы убактарда журналисттердин өмүрүнө коркунуч келтирилген учурлар арбып бара жаткандыгы жана эң жаманы –бул кылмыштардын бети ачылбай калып жатканын белгилеп, бул маселени президенттин өзү көзөмөлгө алуусу айтылат.

11-февралда президент Курманбек Бакиев Массалык маалымат каражат өкүлдөрү менен жолугушуп, анда Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги коңшу өлкөлөрдө дагы жок экендигин белгилеп, эч кандай кысым көрсөтүлбөстүгүн айткан эле.

-Сөз эркиндиги Кыргызстанда начар же сөз эркиндиги жок дегенге мен кошула албайм. А бирок сөз эркиндиги Кыргызстандай кайсы өлкөдө бар? Коңшу мамлекеттерди карап көргүлө. Эгерде бирөө чын эле бирөөнү “оскарблять этип унижать этсе ага жоопкерчилик тартышы керек да. Айтат да “на каком основание сен мени ушинтип айттың” деп эле сотко берет, башка кылат. Бул жерде эч кандай кысым дагы жок, тескерсинче керек болсо анча-мынча чек койсо туура болот эле деп ойлойм.

“Ак шумкар”, Ата Мекен” партиялары, Бириккен элдик кыймылы, “Интербилим” борбору жалпы элге кайрылуу жолдоп, журналист Сыргак Абдылдаевдин токмоктолушу боюнча тынчсыздануусун билдиришип, бул окуяны эркин ой жүгүртүүгө болгон кезектеги чабуул катары сыпатташты. "Бийлик ашынып барат, жана өзүнө жакпаган адамдарга криминалдык ыкмаларды колдоно баштады",-деп жазылат кайрылууда. Алар ошондой эле бийликтен бул кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин тез арада ачып, айыптууларды жазалоо талабын коюшкан.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов болсо ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча кылмыш ишти тергеп-иликтөө тобуна кылмыштын бетин тез арада ачууга буйрук берип, жеке өзү көзмөлгө алганын, учурда милиция кызматкерлери бул иштин бетин ачууга аракет жасап жатканын билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналистке кол салган шектүү адамдардын болжолдуу сүрөттөрүн интернет-сайттарга жана ИИМдин бөлүмдөрүнө жөнөтүштү.

Денесинен оор жаракат алган Сыргак Абдылдfев болсо ооруканадан “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде ага колсалгандарды укук коргоо органдары табаарына ишенбестигин айтты.

- Оштук журналист Сайиповдун өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылбагандай эле мени уруп-сабагандар деле табылбайт. 2007-жылы 7-кичирайонунда чакан базардын жанында дагы мага кол салуу болгон. Анда милиция менин арызымды алуудан баш тарткан болчу. Эч кандай тергөө жүргүзүлгөн эмес. Анда Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармасынын офицери болчумун. Бул иш дагы менин кесиптик ишмердигиме түздөн түз байланыштуу болгон.

Сыргак Абдылдаев анын артынан бир айдан бери аңдуу жүргөнүн, бул кол салуу саясий тапшырма болушу мүмкүн деген оюн билдирди.

-Мен өзүм мурдагы аскер чалгынчысымын, мен муну кадимкидей эле оперативдүү байкоо салып жүрөт деп ойлогонмун. Мен андай эле фигура эмесмин. Маалымат чогултуп материал жазып жүргөн эле журналистмин. Мен муну ошондуктан саясий заказ болушу мүмкүн деп ойлойм. Азырынча бир версияга токтоло элекмин. Кандайдыр бир буйрук болушу мүмкүн. Бирок мен анын чыныгы мотивдерин көрбөй жатам. Мага ойлонгонго убакыт керек. Ошол кырдаалды бүт талдап чыгышым керек.

Анын айтуусунда журналист акыркы убактарда дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевди жана төрт айдан ашуун убакыттан бери белгисиз болуп жаткан ишкер, ЖК депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановду издөө иштери тууралуу бир катар макалаларды жазып келген.

Эл аралык уюмдар, Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитети дагы “Репортер” басылмасынын саясий серепчиси Сыргак Абдылдаевдин бычакталышына тынчсыздануусун билдирди. Ал эми Чегарасыз кабарчылар уюму болсо журналисттин өмүрүнө кол салууну Кыргызстандагы сөз эркиндигин басууга болгон аракет катары айыптады.
XS
SM
MD
LG