Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Алайдагы кар көчкүнүн алдында калган эки адамдын сөөгү табылды


Бул тууралуу билдирген өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Абдысамат Паязовдун айтымында, 6-мартта Бүлөлү айыл өкмөтүнө караштуу Узун Төр аймагында бийиктиги 15 метрлик кар көчкүнүн алдында калган Маманов Будин жана Арзиев Мухтардын сөөгүн алардын жакындары көчкүнүн алдынан таап, алып чыгышты. Маркумдардын сөөгү эртең 8-мартта жерге коюлат. 24-февралдын кечинде Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтүнө караштуу Узун -Төр аймагында кар көчкү жүрүп, ошол учурда аймакта мал жайып жүргөн Б.Маманов Будин менен М. Арзиев аттуу эки чабанды көчкү басып калган.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам аракеттеги тобу жергиликтүү тургундардын жардамы менен куткаруу иштерин жүргүзүп, тилекке каршы андан эч натыйжа чыкпай, издөө иштери 2-мартта токтотулган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG