Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

АКШ менен Орусия стратегиялык куралдарды кыскартышат


Сергей Лавров 6-мартта Женевадагы пресс-конрефенцияда

Сергей Лавров 6-мартта Женевадагы пресс-конрефенцияда

6-мартта АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Женевада жолугушту. Бул жолугушуу бир нече жылдардан бери талаш-тартышы көп болгон эки мамлекеттин ортосундагы алакалардын кайра жандануусу катары бааланууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандан кийин АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Москва менен Вашингтондун ортусунда "мамилелер жаңырганына" жогору баа берди. Ал ошондой эле тараптар жыл аягына чейин куралдар боюнча стратегиялык жаңы келишим түзөт деген ишенимин билдирди.

Ал бул мамилелердин оңолушу башкалар үчүн да жакшы жөрөлгө экендигин айтып өттү:

– Мындай жаңылануу эки тараптуу алакаларды гана жакшыртпастан, өзөктүк куралдар жана өзөктүк коопсуздук өңдөнгөн олуттуу багыттарда дүйнөнү алга сүрөйт.

Клинтон менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда Сергей Лавров да өзөктүк куралды көзөмөлдөөгө жана АКШнын Европада талаш-тартыштуу антиракеталык система орнотуу планына байланыштуу жылыш болот деген ишенимин билдирди:

– Биз стратегиялык алакаларыбызга огожо боло турган, стратегиялык куралдар жана ракетадан коргонуу проблемаларында жылыштарга жетише алаарыбызга көзүм жетет.

Бул пикир алышуунун эртеси Лавров АКШ менен Орусияга өзөктүк курал жаатында жылыш жасоого мезгил келгенин белгиледи.

Женевада сүйлөгөн сөзүндө Лавров эл аралык коомчулукту Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишим түзүүгө чакырды.

Ал ошондой эле Вашингтонду өзөктүк сынакка тыюу салган келишимге кол коюуга жана Жакынкы Чыгышты өзөктүк куралдан арылтууга чакырды.

Лавров Бириккен Улуттардын Куралсыздандыруу жыйынында чыгып сүйлөдү.
XS
SM
MD
LG