Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

БУУнун Коопсуздук кеңеши Судан боюнча билдирүү жасай алган жок


Дипломаттардын айтымында, Судандын Дарфур аймагынан эл аралык гумжардам уюмдарын кетирүү чечиминен баш тартууга чакырган билдирүүгө Судандын союздашы Кытай каршы чыкты. Өткөн аптада Эл аралык Кылмыш соту Судандын президенти Омор ал-Баширди адамзатына каршы кылмыштары үчүн камакка алууга өкүм чыгарган эле. Ушундан кийин Судандын өкмөтү согуштан жапа тарткан Дарфурда 13 эл аралык гумжардам уюмунун ишине тыюу салган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG