Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

И. Исаков: Бүгүнкү бийликтин ишенгени аялдар тобу


БЭКтин лидерлеринин бири мурдагы Коопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаков Алай районунда БЭКтин өкүлдөрүнө жасалган тоскоолдуктарга ушундай баасын берди. Ушул жумада БЭКтин лидерлери түштүктө бир нече кыдырууларын жасаган. Анын арасында генерал Исмаил Исаковдун көзү өткөн туугандарына куран окутуп, элдин батасын алуу үчүн уюштурган жыйынга жергиликтүү бийлик аялдар тобун уюштуруп тоскоолдук кылышкан. Ошол эле учурда Алай районунун акими Алмазбек Осмонов БЭКтин жолугушуусуна базарда олтурган аялдар гана катышып, оппозиция өкүлдөрү Исмаил Исаковдун, Азимбек Бекназаровдун, Анвар Артыковдун кебин укпай, тезек жана кар менен койгулап аймактан кууп чыгышкандыгын, ал эми куран окутуу үчүн сүйлөшүлгөн «Элим» кафесин жаптырып, бышкан тамакты төктүрүүгө бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун кабарлады. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG