Линктер

бейшемби, 23-февраль, 2017 Бишкек убактысы 22:20

Кар көчкү жүрүү коркунучу бар


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча акыркы жааган кардын жана күндүн ысышынан улам Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында кар көчкү жүрүшү күтүлөт. Алсак Кара-Кулжа—Алайкуу, Ала-Бука—Каныш-Кыя, Каракол—Сары-Жаз автомобиль жолдорунда жана Бишкек-Ош канжолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында кар көчүшү ыктымал. Аталган министрликтин маалыматы боюнча түрдүү кырсыктардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG