Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Б. Калмаматов: Улуттук лидерди эл өзү тандасын


Бириккен элдик кыймыл Ош жергесинде да ишке киришти. Ошол эле учурда улуттук лидерди тандоо маселеси БЭКтин жолбашчыларынын гана эмес жергиликтүү саясий элитанын да башын оорутуп жаткан чак. Ушул өңүттө кабарчыбыз Алишер Токсонбаев «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук координатору Бактыбек Калмаматовду кепке тарткан эле.

- Бириккен Элдик Кыймыл Ошто түштүк канатын уюштуруп, анын башчылыгына мурунку президент Аскар Акаевдин туруктуу жактоочусу Аманбай Сатыбаевди бекитти. Сиз буга биринчилерден болуп каршы чыктыңыз да. Себеби эмнеде?

- БЭК кээ бир маселелерди билбестиктенби, же кайдыгерликтенби кандайдыр бир деңгээлде туура эмес чечип койгон жерлер жок эмес. Мисалы, БЭКтин түштүк аймагындагы өкүл Сатыбаев болуп атат. Бул учурунда «Элим менен элим үчүн» деген коомду жетектеп, Акаевди кызматынан кетирбей, 7 жылдык мөөнөт менен президенттикке кайра алып калабыз деп эң катуу жактоочуларынан болуп жүргөн адам.

2005-жылы дагы бүгүнкү бийлик революцяи жасап атканда, ушундай коррупционерлерден, кошоматчылардан арылабыз деп жасабады беле. Ошол нерселерди унутта калтырып, кайра эле БЭКтин төрагалыгына ошондой адамдарды коюп койсок, анда Ош облусундагы жашоочулардын манайы кандай болот БЭКке болгон. Бул жаңылыштык, эң бир туура эмес чечим болду.

- Дегиңкиси атамекенчилер өлкөнүн азыркы жетекчиси Бакиевди кулатуу же мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабын толук колдойсуздарбы?

- Биз учурда Бакиевге сен кызматтан кетишиң керек деп айткан жокпуз. Бирок биздин партия мөөнөтүнөн мурда кетсин деп айтпаганда деле, К.Бакиев бүгүнкү күндө болуп жаткан мамлекеттеги экономикалык, электр энергия кризистерин көрүп турганда бул кишинин президент болуп отурганга мындан ары моралдык да укугу жок.

- Мына өзүңүз байкап жүрөсүз, Ош жергесинде оппозициянын активдүү аракеттери байкалбайт да. Сыягы, мүдөөңүздөрдү жүзөгө ашырууда түндүк тарапка көбүрөөк үмүт байлап жатат окшойсуздар?

- Түндүк, же түштүк деп бөлүп айткан бул туура болбостур. Лидерлердин, партиялардын жетекчилеринин көпчүлүгү түндүк жергесинде борбордо болгондуктан, ал жакта саясаттын активдүүлүгү бир топ жогорураак көрүнүп атат.

Бирок ошол эле учурда Ош облусунда дагы, же болбосо Баткен, Жалал-Абат облустарында дагы оппозиция иштебей койду деген бул таптакыр болбогон сөз. Негедир бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк режим, Бакиевдин командасы өзгөчө Ош облусун өзүнүн саясий базасы катары колдонуп жатат.

Мына ошол биз айтып жаткан оппозиция айтып жаткан куугунтуктоолордун, зордук-зомбулуктардын 99 пайызы түштүк жергесинде болуп атат. Булар түштүк жергесинде эл бизди колдоп жатат, түштүк биз менен деген нерсени түндүк жергесинде көргөзгөнгө аракет кылып жатат. Бирок, тилекке каршы, түштүк жергесинде дагы бүгүнкү бийликтин аброю мурдагыдан кыйла төмөн болуп калды.

- Мындан төрт жыл мурда сиздердин партиянын жолбашчыларынын бири Дүйшөн Чотонов жана анын санаалаштары ыңкылап жасап, Ошто бийликти алмаштырышкан. Кээ бир серепчилер айтышууда, бүгүн Кыргызстандын түштүгүндө кудум ошондой кырдаал түзүлдү деп. Сиз кандай ойдосуз?

- БЭКпи, же «Ата мекен», же СДПК партиясыбы, кандайдыр бир нааразылык акциясына чыга турган болсо, эл биринчилерден болуп алардын аркасынан сапка турганга даяр экени бул ачык көрүнүп турат. Себеби акыркы күндөрдө болгон экономикалык кризистин зыяны биринчилерден болуп түштүк жергесине тийди.

Себеби түштүк жергесиндеги завод, фабрикалардын, жумушчу орундардын жоктугу, борбордон алыс болуп бийликтин көзөмөлүнүн жоктугу, акыркы күндөрдөгү укук коргоочулардын бийлик коргоочу болуп кеткендиги, болуп көрбөгөндөй коррупциянын туу чокусуна чыгып алгандыгы элди бир топ нааразы кылып койду.

- Быйылбы, эмдиги жылыбы, айтор, президенттик шайлоо жарыяланчудай. Эл арасында «Бириккен элдик кыймылдын ынтымагы жок, дымагы күчтүү. Оппозиция мамлекет башчылыгына жалгыз лидерди сүрөбөйт. Ушул жерден бөлүнүп-жарылып, бийликтин кайрадан Бакиевдин колунда калышына шарт түзөт» деген кеп тарады. Балким, Сиздин пикириңиз башкачадыр?

- Ынтымак болгондо дагы-болбогон күнү дагы жеке биз «Ата мекен» партиясы мурда кандай иштеп жатсак, ошондой эле иш алып бара беребиз. Партиялык шайлоо болобу Жогорку Кеңешке, же президенттик шайлоо болобу биз ага барганга даярбыз. БЭК дагы кайсы бир деңгээлде өз лидерин акча, байлык менен ченеп жатышат.

Андай боло турган болсок биз 2005-жылы Кыргызстан элдик кыймылынын (КЭК) дагы чечимин көргөнбүз. Кимиңде акча болсо келгиле, ошону чыгаралы, ошонун аркасынан ээрчийли деп атып көрбөдүкпү. Бакиевди президент кылып алып эмне болдук, Кыргызстан жоголуп кетишине аз эле калды.

БЭКтин дагы акчасы бар адамды лидер кылабыз дегени туура эмес. Биз өз лидерибиз Текебаевди партиялаштардын, жалпы карапайым калктын колдоосу менен президенттикке алып барганга даярбыз. Ага ар тармактуу колдоо көрсөткөнгө дагы даярбыз.

БЭК айтып жаткан акча менен ченелчү президенттик тандоого каршыбыз биз таптакыр. БЭКтин эмес, 2005-жылдагыдай КЭКтин чечиминдей эмес, эл бул сапар өзүнүн чечимин өзү кабыл алыш керек. Таза коомду коом жаратпаса эч ким жараталбайт.

XS
SM
MD
LG