Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Жекшенкуловду камакка алуу менен бийлик өзүнүн алсыздыгын дагы бир жолу ырастады


Мындай пикирин БЭКтин мүчөсү, саясатчы Мукар Чолпонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзү боюнча түрк ишкерин өлтүрүүгө тиешеси бар, деген шек менен Жекшенкуловдун тапанчасын алып, экспертизадан өткөрүмүш болуп, бийлик муну атайын жасап коюушу ыктымал. БЭКтин дагы бир мүчөсү Темир Сариев “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерин майрам күнү кармоо мыйзамсыз, деп белгиледи. Анын айтуусунда Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышы –саясий буйрук экендиги ачык көрүнүп турат. Коомчулук да муну жакшы түшүнөт, дейт Темир Сариев.
“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду ИИМ тергөөчүлөрү бүгүн эрте менен камакка алышты. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Жекшенкуловго таандык тапанчадан 2007-жылы Таласта түрк жараны өлтүрүлгөнүн мамлекеттик соттук-экспертиза борбору аныктады, деп “Азаттыкка” билдирди. БЭК бул окуяга карата эртең маалымат жыйынын уюштуруп, билдирүү таратуу тууралуу чечим кабыл алды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG