Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Юрий Гагарин тирүү болгондо 75 жашка чыкмак


Бүгүн 9-мартта биринчи космонавт Юрий Гагариндин туулган күнүнө 75 жыл толгондугун Орусияда белгилешүүдө. Космоско биринчи болуп учкан адамдын кичи мекени Смоленск областындагы Гагарин шаарында, Москва жана башка шаарларда салтанаттуу чогулуштар өтмөкчү.

Юрий Гагаринди билгендер аны жаш кезинен учкуч болууну самаганын айтышат. Акыры учкуч да болуп кийин космоско киши уча турган кез келгенде алардын арсынан космонавтка жарагыдай кишилерди тандоо болот. Ар бир жыйырманчы гана киши ага жарактуу деп табылат. Ошолордун бири Гагарин болгон дешет.

Ошого карабай ал окуу учурунда кыйла азап жегенин аны менен бирге машыгууларда болгон космонавт Анатолий Быков эскерет:

«Анын жасаганы оңунан чыкпай жүрүп эле бир кезде дароо жадырап жайнап калды. Көрсө машыгуунун тилин билип алган экен».


Оренбургдагы космостук музейдин директору Валерий Лежнин айтканга караганда Гагариндин сабак өздөштүрүүсү дегинкиси «үч» деген баанын ары-бери жагында болгон.

Баса Оренбург шарында биринчи космонавтикалык окуу жайында окуп, машыгып жүрүп, өзүнүн жары Валентина Горячеваны тапкан. Ал жерде үйлөнүү тою да өткөн.

Биринчи космонавт туурасында ушунча маалымат катылган Оренбург шаарындагы музейге келгендер арасынан, айрыкча жаштар бир башкача маанайда болушарын «Азаттыктын» кабарчысы Стрельникова айтат:

«Музейге келгендердин басымдуусу мектеп окучулары. Алардын көптөрү үчүн космоско биринчи учкан адам орусиялык болгону ачылыш болууда».

XS
SM
MD
LG