Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Б. Жекшенкулов: Саясий куугунтуктун курмандыгы болдум


“Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору, Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) мүчөсү Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул Жекшенкулов атасынын камалышына байланыштуу бүгүн президентке кайрылуу жолдоду. Анда бүгүнкү күндө өлкөнүн күч органдары бийликтикинен айырмаланган көз карашы бар адамдарды жана алардын тууган-уругун кысымга алып жатканы, ошондуктан алар ар дайым коркуп жашап калганы айтылат. Буга акыркы убакта ачылган бир катар кылмыш иштери мисал болоорун кошумчалайт. Кээ бир саясатчылар өмүрүнө коркунуч келгендиктен өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгонун, алардын арасында өзү да бар экенин белгилейт. Б. Жекшенкулов өзүнө коюлуп жаткан кылмышка эч кандай тиешеси жоктугун, коммерциялык иш жүргүзбөгөнүн, киши өлтүрбөгөнүн баса белгилеген. Бийликтин акыркы кадамдары атасын жана бүтүндөй оппозицияны эл алдында каралоо максатында жасалып жатканын айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG