Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Турсунбек Акун: Жекшенкуловду камалышы - бийликтин каталыгы


“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловду камакка алынган фактысын акыйкатчы Турсунбек Акун бийликке кошомат кылгандардын чагымчыл аракети катары айыптады. Анын айтымында, бул окуя бийлик менен оппозициянын сүйлөшүү аракетин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

- Жаңы сүйлөшүүнү баштап атканбыз, бийлик тарап дагы, оппозиция тарап дагы сүйлөшүүгө даярбыз деп. Жекшенкулов оппозицияны макул кылгандардын бири болчу. Мен ойлойм бул жакшы кабар эмес, бул бийлик менен оппозициянын ортосундагы ынтымакка, сүйлөшүү процессинин жүрүшүнө аябай чоң тоскоол боло турган кадам деп эсептейм. Мен муну аябай терс кабыл алам. Тез аранын ичинде бийлик бул боюнча чара көрүп, катасын оңдош керек деп эсептейм.

- Жекшенкуловдун тарапкерлери мунун артында саясат турат дешүүдө. Сиз кандай ойдосуз?

- Мен башынан эле акыйкатчы катары өзүмдүн позициямды айтып келатам, Жекшенкулов министр болуп турганда, же министрден кеткенден кийин иш козгоп камаса болмок. Анан бул жигит качан “Акыйкат үчүн” кыймылына кирип, оппозициялык талаптарды коюп, чындыкты айтып, Текебаев менен биригип, оппозиция менен биригип чыккандан кийин жанагыдай иштер башталып атат. Бул өзү жакшылыкка алып келбейт. Анткени көп элдин шектенүүлөрүн пайда кылат. Эгер анын күнөөсү боло турган болсо мурдатан караш керек эле. Анан оппозициялык талаптарды коюп чыккандан кийин мындай кылышы элдин ишенимине татый албайт. Мен ойлойм, бийликке бул жакшы аброй алып келбейт, ошон үчүн тез аранын ичинде бошотуш керек.

- Турсунбек мырза, жазында оппозиция нааразылык акцияларын өткөргөнү жатат. Жекшенкуловдун камалышы элдин арасында кандай реакция пайда кылышы мүмкүн?

- Оппозиция нааразылык акция өткөрөм дегени менен, алар деле сүйлөшүүгө барып, аларды биз макулдатып, мен жана башка авторитеттүү адамдар данакер болуп, келишим столуна отуралы деп атканбыз. Бийликке катуу акцияларды жазоонун кереги жок деп биз дагы ынандырып айтканбыз. Жекшенкуловдун камалышы ушундай акцияларды өткөрүүгө башат болуп берет. Муну Бакиев, же башка жасап атат деп ойлобойм. Бул бийликке кошомат кылгандардын аракети. Текебаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши, азыр Жекшенкуловдун камалышы - бул кошоматчылык. Мына ушулардын баардыгы бийлик органдары тарабынан жасалып аткан провокация деп эсептейм. Бул жакшылыкка алып келбейт.

XS
SM
MD
LG