Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Түндүк Корея куралдуу күчтөрүн жогорку согуштук даярдыкка келтирди


АКШ менен Түштүк Кореянын жылдык аскерий машыгуусунун алдында Түндүк Корея куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди. Пхеньян Сеул менен Вашингтонду Түндүк Кореяга кол салууга даярданууда деп айыптады. Түштүк Корея менен АКШ болсо Түндүк Корея орбитага жердин жасалма жандоочусун учурабыз деп, иш жүзүндө узун аралыкка учуучу ракетаны сыноодон өткөргөнү жатат деп шектенишүүдө. Өткөн аптада Пхеньян түштүк кореялык учактардын коопсуздугун кепилдей албаарын эскерткен. 12 күндүк машыгууга америкалык жана түштүк коерялык 50 миңдей жоокер катышмакчы.

XS
SM
MD
LG