Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Барскоон айылынан мал уурдаган балдардын камактан бошотулганына эл нааразы


Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында демилгелүү топ башы Абдыкалый Чолпонкулов айылдан 12 баш уй уурдаган балдар өз жазасын албай жүргөнүн маалымдады. Анын айтуусунда, жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү тоногондор Каракол шаарынан кармалып, Кызыл-Суу ички иштер бөлүмүнө камалганы менен, кайра бошотулган. Барскоон айылдык милициясы Асылбек мырза бир эле короодон 180 уйдун териси табылганын ырастады. Бирок уурулар ким тарабынан качан камактан бошотулганы белгисиз. Бул боюнча демилгелүү топ күч органдары элге жооп беришин талап кылып жергиликтүү бийликке кайрылган атат. (RB)

XS
SM
MD
LG