Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Литва АКШны Орусия менен туруктуу болууга чакырды


Мындай каалоону Литванын тышкы иштер министри Вигаудас Ушацкас Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен жолугушуу маалында билдиргенин ачыктады. Бир апта мурда НАТО Орусия менен мамилелерди жандандырууну чечкен. Кремль менен НАТОнун мамилелери өткөн жылы августтагы Орусия менен Грузиянын согуштук жаңжалынан кийин салкындап кеткен. Кабарларга караганда, Вашингтон учурда Европада ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планын кайрадан карап чыгууда. Маалым болгондой, Орусия АКШнын бул планына кескин каршы болуп келет.

XS
SM
MD
LG