Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

ИИМде А.Жекшенкуловдун тапанчасына байланыштуу маалымат жыйыны өтөт


Ага Юстиция министрлигинин алдындагы республикалык соттук экспертиза борборунун, Ички иштер министрлигинин криминалдык борборунун эксперттери жана Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын жетекчилиги катышып, “Аликбек Жекшенкуловдун сыйлык үчүн алган тапанчасын баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы тууралуу” маалымат беришет. Экспертиза Жекшенкуловдун тапанчасы менен 2007-жылы 9-декабрда Таласта Түркия жараны Сервет Четин атып өлтүрүлгөнүн тастыктаган. Буга байланыштуу Аликбек Жекшенкулов 9-мартта милиция тарабынан кармалган. Аликбек Жекшенкулов жетектеген оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймыл бул окуяны адам укугун бузуу катары баалап, Аликбек Жекшекуловдун коммерциялык иш менен алек болбогонун, ал кезде Таласта болбогонун билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG