Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Бүгүн бийлик менен оппозициянын алгачкы жолугушуусу болот


Анда оппозиция саясий куугунтукту токтотуу маселесин гана коет. Бул тууралуу оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын бийлик менен сүйлөшүү боюнча делегациясынын мүчөсү Мукар Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүү үчүн оппозиция тараптан Иса Өмүркулов, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев,Топчубек Тургуналиев жана ал өзү барат. Бийлик тараптан сүйлөшүүгө мамлекеттик катчы Досбол Нуруулу баш болгон делегация келиши күтүлүүдө. Анын курамында андан сырткары президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөнов, президентик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеваная болушу күтүлүүдө. Сүйлөшүү түштөн кийин Кесиптик кошуундар үйүндө өтүшү мүмкүн болуп жатат. Эки тараптын сүйлөшүүсүнө ортомчу болуп Ишенбай Абдуразаков, Миталип Мамытов, Турсунбек Чыңгышевдин катышуусу ыктымал.(AiT)

XS
SM
MD
LG