Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

А.Жекшенкуловдун кармалышына байланыштуу БЭК билдирүү менен чыгат


“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, Бириккен Элдик Кыймыл бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда Жекшенкуловдун кармалуусу боюнча билдирүүсүн жарыялайт. Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул Жекшенкулов президентке кайрылуу менен чыгып, анда кайсы бир кылмыштарга эч кандай тиешеси жоктугун, саясий куугунтуктоонун курмандыгы болуп калгандыгын билдирген. Чет өлкөгө качып кетүүгө мажбур болгон Беккул Жекшенкулов ошондой эле президентти сөз эркиндигин муунтуу,үй-бүлөлүк башкаруу боюнча айыптап,саясий куугунтукту токтотуу талабын койбой турганын, ага баары бир Курманбек Бакиевдин алсыз саясий эрки жетпей турганын белгилеген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG