Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Сыргак Абдылдаевдин абалы салыштырмалуу жакшы


Пациенттин абалын орто оор деп айтууга болот, бирок келгенден беркиге салыштырмалуу жакшы, деп билдирди “Азаттыкка” №4 оорукананын травмотология бөлүмүнүн башкы дарыгери Рамис Үсөнбеков. Анын айтуусунда денесинин 21 жерине бычак жеп, эки колу чыканактан өйдө сынып кеткен журналисттин буттарындагы бычактын жаралары айыгуунун үстүндө. “Мээси чайкалгандыктан баш оорусу бар, денесинин шишиктери таркай элек. Сынган колдорун операция жасоо маселеси да көтөрүлүүдө, бүгүн тиешелүү рентгенден өткөрүлмөкчү. Дары-дармек, керектүү каражаттар жетиштүү, бирок өзүңүздөр билесиздер, алдыда дагы операциялар бар, ошондуктан, дагы кан керек болот,” дейт дарыгер.
3-март күнү кечке жуук “Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колун чыканактан өйдө сындырып кетишкен. Журналист өмүрүнө болгон кол салууну өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG