Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

“Азаттыктын” Бишкек студиясында түз эфирде өткөн тегерек үстөл талкуусуна коомдук ишмер, экс-спикер А.Матубраимов, парламенттеги “Ак жол” фракциясынан депутат А.Калмаматов, “Улуу биримдик” партиясынын лидери Э.Каптагаев катышты. Анда “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун камалышы, өлкөдөгү саясий абал тууралуу кеп болду.

- ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, оппозициянын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун сыйлыкка алган тапанчасы менен 2007-жылы 9-декабрда Таласта Түркия жараны Сервет Четин атып өлтүрүлгөн деген баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыгыптыр. Буга сиздердин көз карашыңыздар кандай?

Эмил Каптагаев
: - Бул маалыматка адам ишенбей турган нерсе. Ошол 2007-жылы Аликбек Жекшенкулов президент Курманбек Бакиевдин эң ишенимдүү кишиси, тышкы саясатты башкарып жүргөн министр адам болчу. Мына ошол министр адам өзүнүн эсепте турган, өкмөттүн токтому менен атайын белекке берилген курал менен адам өлтүрөт дегенге мен ишенбейм. Буга бир дагы киши ишенбейт.

Менин айтайын дегеним, азыр бийлик алмашып, шарт алмашып кетсе ошол эле баллистикалык экспертизадагылар бүгүнкү ички иштер министринин куралынан атылган деп жыйынтык чыгарып берерине ким кепил боло алат. Мына ушундай Жекшенкуловго чыгаргандай эле чечим чыгарып бериши мүмкүн. Азыркы фактыларды жаслмалап, жалган күнөө тагып жаткан милиция кызматкерлери муну так билиши керек.

Эртең эле ошол тергөөчүлөрдүн жеке куралынан атылган ок деп ошолор менен чогуу иштеген экспертизалардын жыйынтык чыгарып бериши толук ыктымал. Муну биз так айтышыбыз керек. Аликбек Жекшенкуловдун камалышы бул саясий заказ. Саясий заказ болгондо дагы бул өтө орой, өтө зомбулук, кара өзгөйлүк менен жасалган тапшырма. Муну биз коомчулукка ачык эле айтып коюшубуз керек.

Алманбет Матубраимов:
- Менин айтайын дегеним, бул баллистикалык экспертизалык борбору Адилет министрлигинде деп жатышат. Ошончолук деңгээлде экспертиза өткөрө ала турган бизде экспертиза өткөргөндөй бардык нерселер бар бекен же жок бекен мен толук айта албайм. Мунун барын жакшылап карап көрүш керек. Экинчиден, барган сайын бизде өнөкөткө айланып баратат, бардык эле кишилерге тапанчаны сыйлыкка берүү.

Албетте татыктуу кишилерге бериш керек. Бирок куралды туура сактоо, туура колдонуу керек. Ошол сыйлыкка берилген куралдарды тиешелүү кызматтар курал кайда экендигин, анын атылганын же атылбаганын, сакталышын, колдонулушун убак-убактысы менен текшерип, көзөмөлдөп туруш керек эле. Эми азыр Жекшенкуловдун куралы тууралуу ИИМ мындай маалымат таратып жатканы туура эмес го деп ойлойм.

Ажибай Калмаматов:
- Бул жерде баллиситкалык экспертиза болгондон кийин анын жыйынытыгы такталат. Муну көз карандысыз экспертизалар аркылуу муну далилдесе болот. Чындыгында эгер ошол тапанчадан атылган ок кылмыш ишине байланыштуу болсо башка шартта деле текшертип алса болот.

- Эмил мырза сиз айтып кетпедиңизби Аликбек Жекшенкулов президент Бакиевдин командасында алгылыктуу иштеген деп. Деги эле Аликбек Жекшенкулов өлкөнүн тышкы саясатына канчалык деңгээлде өз үлүшүн кошо алды?

Эмил Каптагаев: -Жекшенкулов биринчи жылдары, мындан үч жыл мурда бийлик зордук-зомбулук аркылуу талоон менен алмаштырылганда чет мамлекеттер эмес, коңшу мамлекеттер дагы биз менен сүйлөшкүсү келбей сыртын салып турган убак болчу. Бир дагы президент Курманбек Бакиев менен ачык түз сүйлөшкөндү каалабай өздөрүнүн “денесин” ала качып турган убак болчу. Мына ошол сырткы саясаттагы блокаданы жарып чыгууда эң биринчи Орусия менен мамиле түзүүдө Жекшенкуловдун эмгеги зор болчу. Мен кайардан жанагы баллистикалык экспертизага токтоло кетейин.

Шарт боюнча баллистикалык экспертизаны Жекшенкуловдун катышуусу менен көз алдынча тапанчадан бир ок же эки окту атып анан аны протоколдун негизинде экспертизага алышы керек болчу. А булар болсо зордуктап атып экспертизаны бүгүн жасайбыз, эртең жасайбыз деген шылтоо менен тапанчаны бир айдан бери алып жүрүшкөн. Ошол куралды эмне кылганын, канча жолу ок атылганын ким билет. Же ошол эки жыл мурда атылган октторду анын тапанчасына салып койгон жок деп ким кепил боло алат. Мына ошол бир айдан бери Жекшенкуловго бербей ээсиз тапанчаны алып жүрүшкөн милиция кызматкерлери, ошого жол берген бийлик жооп бериши керек.

- Айрым талдоочулар Аликбек Жекшенкуловдун оппозицияга кетишин кызматтан бошогондон кийинки таарынычтары катары сыпаттаса, айрымдары бийлик менен көз караштарынын туура келбегендигинен улам байланыштырышууда. Буга сиздердин пикириңиздер кандай?

Алманбет Матубраимов: -Мен муну айта албаймын. Бирок дүйнө жүзүндө бардык жерде оппозиция бар. Бизде болсо оппозиция туура эмес кабыл алынып жатат. Учурдагы социалдык-экономикалык абалдын оордугу боюнча чындык айтылып жатса бийликтегилер, атка минерлер туура эмес кабыл алып жатышкандыр. Кыргыздарда саясатта төбөсү көрүнгөн жүзгө чукул жигиттер бар. Мына ушулар менен тирешип, касташпай иштешүүгө болот эле. Мисалы, Ишенбай Кадырбеков азыркыга чейин маселеси чечилбей камакта отурат. Кылмышын далилдебей туруп, камакка алуу натура деп ойлойм. Бул боюнча акыбалды күчөтпөстөн тез арада бир чечим кабыл алынышы керек. Азыр социалдык абал оорлоп баратканда эл көчөгө чыгып кетиши мүмкүн.

Ажыбай Каламаматов: - Эми менин көз карашым боюнча Аликбек Жекшенкулов Союз учурунда деле жакшы кызматтарда иштеп келген. Кийин Аскар Акаевдин тушунда дагы өкмөттүн курамында иштеп жүрдү. Революциядан кийин деле тышкы иштер министри болду. Андан кийин кызмат ордунан кеткенден кийин эле оппозицияга чыга калганын туура эмес деп эсептейм.

Эмил Каптагаев: - Эгерде ошол бийликте жүргөндө анын саясатын, иштерин мактап-жактап жүрүп, анан эртеси күнү кызматтан кеткенден кийин эле оппозиция болуп чыга келсе, ошондо аныкы туура эмес деп айтса болмок. Бирок бийликке оппозиция болуп, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын, иштерин жакындан, ичинен билген, бийликтин жүргүзүү ыгын, шартын, тартибин, алардын иш аракеттерине ичи чыкпай, көз карашы туура келбеген адамдар гана оппозиция болуп чыга алышат.

Ал эми жөн кишилер Кыргызстандагы 99 пайыз эл оппозиция. Күнүгө үйүндө чай ичип отурушса дагы Бакиевди каргап отурушат. Ошонун баары оппозиция. Бирок алар бийликке түз оппозиция болуп чыга алышпайт. Кызматтан кеткенден кийин эле оппозициячыл болуп чыга келди деген туура эмес. Мына, Исмаил Исаков Коргоо министрлигинде абдан жакшы иштеди. Ал иштегендей эч ким иштеген жок. Бирок ал азыркы бийлик менен пикири келбегендиктен улам бийлик кетпесе турмуш оңолбойт деп айтып жүрөт.

- Буга чейин президент Курманбек Бакиев оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экендигин расмий билдиргени менен оппозиция саясий куугунтук күч алганын айтышууда. Мисалы, мурдагы министрлер Исмаил Исаковго, Аликбек Жекшенкуловго, Ишенбай Кадырбековго, мына Эмил мырза сизге кылмыш иши ачылып, соттук териштирүүдө жүрөсүздөр. Расмий бийлик муну мыйзамдын чегинде десе, айыпталуучулар муну саясий кысым катары баалашууда. Алманбет мырза бул маселеге сиз калыс катары көз карашыңызды билдирип кетсеңиз?

Алманбет Матубраимов: -Эмил туура айтып кеткендей, саясат системасын, мамлекеттик түзүлүш системасын жакшы билген адамдар гана бетке айтып, ачык нерселерди айтышы керек. Бизде бетке айткандын бардыгын эле тескери кабыл алышууда. Кыргызстанда мамлекеттик системанын азыркы иштеп жатканы такыр туура эмес. Себеби бизде мамлекеттик башкаруу ситемасы бир гана кишиге ыңгайлаштырылган. Биз он беш жылдан бери билик башкаруу системасында келатабыз. Мамлекеттик түзүлүштү өзөгөртүшүбүз керек. Ошондо гана биз оңолобуз. Азыр Кыргызстандагы саясатты, акыбалды ачуу болсо дагы чындыкты ачык айтып, элибизди алдыга алып чыгышыбыз керек.

Ажибай Калмаматов: - Президентибиз өзү айтты, оппозиция менен жолугуп сүйлөшүүгө барарын, алардын сунушун угууга жана алар менен бирге иштешүүгө даяр экендигин айтпадыбы. Ошонун негизинде бүгүн оппозиция өкүлдөрү менен бийлик жолугушканы жатат да. Мына Исмаил Исаков өкмөттүн курамы тууралуу өзүнүн жаңы сунушун айтты. Эгер ошол сунуш кабыл алынып, ошол өкмөттүн курамына Исаков болобу же оппозициядагы башка адамдар болобу, аларга иш берилсе, жалаң эле бийликти сындап отура бербей азыркы экономикалык кырдаалдан чыгаруу боюнча согуу иштегени жөндүү болот.

Эмил Каптагаев: -Азыркы жүзүкаралык жасап жаткан Кыргызстан коммунисттери партиясы кандай мыйзамдарды түртүп жатканын карап туруп, былтыр июнь айында биздин мамлекетти 1937-жылдын карааны аралап жүрөт дедим эле. Ошондо “Агым” гезити баш болуп мени каптап “бул туура эмес, ушундай пикир дагы болмок беле”,-деп айтышты эле. Азыр карааны эмес, 37-жылдын өзү келгенине күбө болуп отурабыз.

Президент оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экендигин мамлекетке күйгөн киши сыяктуу айтып жатпайбы. Тескерисинче Бакиев мамлекеттин,элдин келечегин ойлосо, ачыгын айтып эле, “мен аялыма, балдарыма, бир туугандарыма алым жетпей калды” деп ачык айтып эле “Элим кечирип койгула. Мен ойлогондон мамлекеттик башкаруу таптакыр тетири кетип баратат.Оңдоломк турсун, таланып ыдырап кетип баратат”,-деп баса берсе, мамлекеттин келечегин ойлгон адам болот эле. Бакиведин азыркыдай айтканы башка жасаган иши башка болуп атканын элдин бары эле көрүп жатат.

-Маегиңиздерге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG