Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:33

Чүй аймагында жүздөн ашкан кары адамдар саналуу гана. Алардын бири 106 жашка чыккан Сакып апа учурда Аламүдүн районундагы Арашан айылында жашайт. Учурунда бул эненин атасы 107 жашка чыккан экен. Узак жаштын жөнөкөй сыры эмнеде?

- Канчанчы жылы туулгансыз?

- 1903-жылы туулгам, канчага чыкканымды билбей калдым. Көп бала төрөдүм токтобой жүрүп анан ырымдап атып араң токтотком. Азыр үч балам бар. Канча небере чөбөрөлүү болгонумду да билбейм. Тун уулум 70 жашта. Айылда мени менен тең бир гана курдашым калды. Калганын баары аркы дүйнөгө кетишти.

- Жаш кезиңизде кайсыл жакта иштедиңиз?

- Келин болуп түшкөн жерим ушул Арашан. Ал кезде орок оруп, чөмөлө салып, картошка, жүгөрү отоп таңдан кечке иштечүбүз. Жаныбыз тынчу эмес, азыр андай заман жок. Азыр бардаш заман, баары бар. Бирок адамдардын пейли бузулду, анда жакшы болчу. Азыркыдай аракты көп ичишчү эмес. Колубузда жок болсо да бири-бирибизге жардам берип турчубуз. Заман тынч эле, эл ынтымактуу эле. Азыр кандай чынында билбей калдым.

- Абышкаңыз кайда иштечү?

- Абышкам согуш учурунда аскерге кетти. Кийин келип айылда бригадир болуп жүрдү. Кийин өзүнүн ажалы менен эле каза болду. Согуштан аман- эсен эле келген.

- Сиздердин учурда саясат туурасында сүйлөшчү белеңиздер?

- Жок, саясат деген эмне? Карапайым адамдардын эч нерсе менен иши деле жок болчу, биз бир гана иштегенди билчүбүз. Чоңдор өздөрү эле мындай-андай иштегиле деп башкарып жүрчү. Алардын эмне кылып жүргөнүнүн чынында билчү эмеспиз.

- Ал кездеги чоңдор азыркыдай чоң-чоң үйлөрдү салышчу беле?

- Анда чоңдор жөн гана иштечү. Алар анда эл бакчу, журт бакчу. Алардын заңгыраган деле үй салганын көрө албадык.

- Карылык туурасында не деп айта аласыз? Узак жаштын сыры эмнеде?

- Карылык жаман экен, албетте жаштыкка не жетсин. Акыркы бир жылдан бери көзүм тунарып бос басып калды. Буттарым баспайт, эшик эликке чыга албай, колуман эч нерсе келбей бир пенде болуп олтуруп калдым. Бирок кулагым ачык. Менин энем 80 жашка чыгып каза болду, атам болсо 107 жышка чыккан. Менин узак жашымдын болгон сыры ушул атамдын гана жашы менен байланыштуу болсо керек.

- Кыргыз элине эмне деп айта аласыз?

- Өз балдарымдын амандыгын тилеп олтургандай эле элге да амандык, тынчтык каалайм. Бар болсун баары. Аман болсун. Ынтымак болсун!






XS
SM
MD
LG