Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Бул жол кайда алып барат?


Президент К. Бакиев март айынын башында Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына интервью берди.

Президент К. Бакиев март айынын башында Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына интервью берди.

“Аалам” гезити экс-министр, Оштун мурдагы губернаторлорунун бири Бекболот Талгарбековдун “Бул жол кайда алып барат?” аттуу өткөн сандан бери чыгып келаткан интервьюсун уланткан. “Ачык саясат” гезити Жаныбек Жанызактын “Интернет жайыгына – кыргыз жапырыгы” деген аталыштагы макаласын басты. Макала жакындан бери карай гезиттер чуу салып чыккан интернеттин “Kg” алкагындагы домен аталыштарын көзөмөлгө алуу ниетин көздөп аткан “Кыргызпатентттин” айланасындагы жагдай тууралуу сөз кылат.

“Аалам” гезитинде экс-министр, Оштун мурдагы губернаторлорунун бири Бекболот мырза кабарчынын мурдагы президент Акаев бийлиги тууралуу суроосуна жооп берип жатып, тунгуч президенттин 1-мезгили союз ураган учурга туш келип, оор кыйынчылыктар менен коштолсо дагы Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары түптөлгөнүн, өлкө бардык тармакта реформаларды жасаганын, дүйнөгө таанылганын, айрыкча улуттук, регионалдык бөлүнүп-жарылууга жол берилбегенин белгилеген.

Ал андан ары Акаев бийлигинин 2-мезгили 2001-2005-жылдарга туш келгенин, Акаев демократиядан тайып, авторитардык бийлик жолуна түшкөнүн, анын ал кездеги саясый фигуралары болушкан Мамкатчы О. Ибраимов, админстрация жетекчиси А. Карыпкулов, өкмөт башчысы К. Бакиев, көмүскөдөгүсү Т. Керексизов өндүүлөрдүн ишмердүүлүгүн тарых тастыктарын кеп кылган.

Маегинин акырын Б. Талгарбеков: “Бүгүнкү Бакиев менин сунушума кулак салбайт. Алтургай ал өлкөдөгү урмат-сыйлуу адамдардын кеп-кеңешине эбак көңүл бурбай калган. Кыргызстан соңку төрт жылда экономикасы туташ коррупциялашкан 125-орундан 166-орунга түштү. Бакиев жетектеген жол мечитке да, храмга да, мамлекеттин өнүгүшүнө да, элдин бакубат жашоосуна да, коомдогу калыстыкка да алып барбайт. Бакиев тандаган жол караңгылыктын, алдамчылыктын, зомбулуктун жолу, бул жол туңгуюк жол” деп жыйынтыктайт.

Ушул эле гезит “Жамандыктан пайда издегендер” аттуу рубрика алдында баяндамачы Бахтияр Шаматовдун Бишкектик ишкер Нарзилла Жолболдуев менен аңгемелешүүсүн окурмандарга сунуш кылды. Автор баш сөзү аркылуу азыркы каптап келаткан кризис маалында карапайым калк алапайын таппай турса, айрым бирөөлөр дал ушундан пайда көрүп калуу үчүн далбастап киргенин, мындайлардын бири – “Кыргызинвестбанк” болуп жатканын жазат.

Ушул банктан кредит алып ишкерлик кылып келаткандардын бири Нарзилла Жолболдуев мурдагыдай соода болбой калганын, ал жалаң гана өкмөттүн салыгы менен банктан алган карызын төлөгөнгө иштеп калганын, студент балдарынын окууга төлөй турган акчасын төлөө оорлогонун, өткөн жылдын апрелинде “Кыргызинвесткредитбанктан” 19,5 пайыздык үстөк менен 5 жылдык мөөнөткө 15 миң доллар кредит алса, жаңырган жылдан тартып банк кредиттин үстөк пайызын 2,5 пайызга көтөрүп салаганын, “эмне үчүн мындай болуп калды?” десе банктан: “дооматыңарды өкмөткө айткыла, өкмөт кошту” деген жооп угушканын кабарчыга айтып берген. Автор аягында “Ошентип мамлекет салыгын банкка салса, банк анысын кардарларга салып жатат, бул туурабы?” деген суроо коет.

Гезиттен булардан тышкары Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан даярдалган “Улуу пайгамбардын адеп-ахлагы жана кулк мүнөзү” аттуу баянды, “Сайма таш Так Кыя коомдук кайрылуу фондунун төрайымы З. Муратбекованын “Асыл Кыргыз! Келечек сенин колуңда!” аттуу макаласын, баяндамачы Жолдошбек Зарлыкбековдун “Кыргыз тил” коомунун вице-президенти Раимжан Курбанов менен маектешүүсүн окуй аласыздар.

“Ачык саясат” гезити “Күчтүү парламентпи же күлкүлүү парламентпи?” деген баш макаласын өткөн жумада ажонун Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынынын кабарчысы менен курган маектешүүсүн багыштаган жана 4 пансионат менен Каркыраны казактарга, энергетика тармагын жеке менчикке берүү укугун өкмөткө карматкан парламентти күчтүү парламент атаган президенттин оюна каршы пикирин билдирген.

Гезит андан аркы бир байлам кабарларында “Ачык саясаттын” башкы редактору Бабырбек Жээнбековду камаганы жатканын, Баш прокуратура мындан 2 жыл мурда токтотуп койгон кылмыш ишин кайра башка токтом менен алмаштырып, азыр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы суракка ала баштаганын, башкы прокуратура СДПК мүчөсү, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевдин бир тууган иниси, “Неман фарм” ишканасынын жетекчиси Султан Артыкбаевга дагы кылмыш ишин козгогонун, оппозициянын ушул айдын аягында өтө турган акцияларын Түштүк жергесинде генерал Исмаил Исаков жетектемей болгонун маалымдады.

Гезит окурмандарына эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Имиджмейкерлер Курманбек Бакиевдин көтөрүлбөгөн рейтингин кантип көтөрсө болот?” деген баяндамасын тартуулады. Автор анысында президент шайлоого аттанганын, жаңы түзүлгөн катчылык анын эл алдында бир топ эле эңшерилип түшкөн кадырын кайрадан көтөрүүнүн үстүндө иштеп атканын, айрым маалыматтарга караганда шайлоо компаниясына саясый технологиялык колдоо көрсөтүү максатында Украинадан адистер чакырылып алынганын баяндайт.

Ал ошону менен бирге эле радикалдуу оппозиция лидерлери муназага келүүгө даяр экенин айтса да, алар кайра эле бийлик тарабынан куугунтукка алынып жатканы Бакиевге кадыр-барк алып келмек тургай, тескерисинче Бакиевдин айткан сөзү бир башка, реалдуу жагдай бир башка болуп жатканын кеп кылган.

Гезит дагы бир макаласынын аягына “Кыргыз гезиттери” сайтынын кароолчусу” деп колун койгон Жаныбек Жанызактын “Интернет жайыгына – кыргыз жапырыгы” деген аталыштагы макаласын басты. Макала жакындан бери карай гезиттер чуу салып чыккан интернеттин “Kg” алкагындагы домен аталыштарын көзөмөлгө алуу ниетин көздөп аткан “Кыргызпатентттин” айланасындагы жагдай тууралуу сөз кылат.

”Бийликке нааразылык күн санап күчөөдө”. “Ата Мекен “ саясый партиясынын Жалал-Абад облусуттук уюмунун жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин гезит кабарчысы менен маектешүүсүнүн темасы ушинтип аталат. Гезит буга улай эле “Эл намысын эр коргойт, эр намысын эл колдойт” деген ат менен Каныбек Сансыз уулунун макаласын жарыялады. Макала баштан – аяк генерал Исмаил Исаковдун ишмердүүлүгүнө арналып, анын акактай таза экени, бийликтин жалган жалаасынан аны коргоп алчу Алай жана кыргыз эли бар экенин эскертилген.
XS
SM
MD
LG