Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Башкы тергөө башкармалыгы А. Жекшенкуловго айып тагууну эртеңкиге калтырды


ИИМ алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Эшмурза Азимжановдун маалымат жыйынында билдиргениндей Аликбек Жекшенкулов оор кылмыш жасаган деген шек менен 9-мартта камакка алынган. Мыйзам боюнча милиция ага 48 сааттын ичинде айып тагууга же бошотууга милдеттүү. Эшмурза Азимжанов Аликбек Жекшенкуловго айыбы эртең угузуларын билдирди. Ошондой эле анын айтуусунда А. Жекшенкуловдун тапанчасынан эки жыл мурун Ош шаарында журналист Алишер Саипов өлтүрүлбөгөнүн баллистикалык экспертиза аныктады.
“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкулов кечээ камакка алынган. Оппозиция анын камакка алынышын саясий куугунтук деп эсептөөдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG