Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

А/ Жекшенкуловдун адвокаты анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен 1-Май райондук сотуна кайрылат


Бул тууралуу адвокат Нина Зоотова бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда кечээ Аликбек Жекшенкуловду адвокаты менен Башкы тергөө башкармалыгына баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен таанышууга чакырган. Алгач Жекшенкуловдун тапанчасы журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө тиешеси жоктугу маалымдалып, андан кийин ага тиешелүү тапанчадан түрк ишкерин өлтүргөн ок атылгандыгы аныкталгандыгын билдиришкен. “Тергөөчүлөр өздөрү буга толук көзү жетпей турат, ошондуктан алар биздин айрым суроолорубузга жооп бере албай, айрымдарына жооп берүүдөн таптакыр эле баш тартышты,” дейт адвокат. Жыйынга катышкан БЭКтин айрым мүчөлөрү Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышы –түздөн-түз саясий репрессияга жатат, деп белгилешти. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG