Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Оппозиция менен бийлик бүгүнкү алгачкы жолугушуусун өткөрөт


Бул тууралуу бүгүн БЭКтин мүчөлөрү журналисттерге билдиришти. Алардын айтуусунда жолугушуу саат 16:00дө, Кошуундар үйүндө болжолдонгон. Бирок орду дагы такталат, деп билдиришти БЭКчилер. Оппозиция бийлик менен жолугушууда эң башкы маселе кылып Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышын козгоп, мындай мүнөздөгү саясий куугунтуктоону токтотууну талап кылмакчы. БЭКтин мүчөлөрү жолугушуудан кийин деле абал тезинен өзгөрүп кетерине ишеничин жоктугун белгилешип, март айына мерчемделген массалык нааразылык акциялары токтотулбай тургандыгын маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG