Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Оппозиция менен жолугушууга Досбол Нур уулу баштаган өкүлдөр барат


Президенттик катчылыктын маалыматы боюнча бүгүн оппозиция менен бийликтин алгачкы жолугушуусу болуп, анда тараптар кийинки жолугушуулар тууралуу алдын-ала кеңешмекчи. Маалыматта айтылгандай бүгүнкү жолугушууну мамлекет башчы К. Бакиевдин тапшырмасы менен президенттик катчылык уюштурууда жана бул жолугушуу сүйлөшүүлөрдүн 1-айлампасы болуп саналат. Президенттик катчылык белгилегендей бүгүнкү жолугушууга бийлик тараптан: мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеваная, Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, ИИМ Молдомуса Конгантиев, президенттик администрация башчысынын орун басары Каныбек Жороев, ЖК “Акжолчу” депутаты Зайнидин Курманов келет. Ал эми оппозиция тараптан: Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев, Мукар Чолпонбаев, Иса Өмүркулов жана Топчубек Тургуналиев барышат. Булардан тышкары жолугушууга байкоочу болуп коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, Коомдук палатанын жетекчиси Кубанычбек Сыйданов жана Акыйкатчы Турсунбек Акун катышат. Президенттик катчылык бул иш-чарага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышарын белгилөөдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG