Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Ооруканада жаткан журналист Сыргак Абдылдаевдин окуясынан кийин журналисттердин коопсуздугу жөнүндө маселе коомчулуктун оозунан түшө элек. “Азаттыктын” таңкы уктурууларында «Репортер-Бишкек” гезитинин башкы редактору Турат Акимов сөз эркиндиги жана коопсузугу жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Турат мырза сиз жетектеген гезиттин кызматкери журналист Сыргак Абдылдаевдин абалы кандай?

-
Кудайга шүгүр бүгүң жакшы, кечээ сүйлөп, кичине өзүнө келип калды, жарактары жабылып атат, ошолор бүтсө колуна операция жасайбыз деп докдурлар маалымдады бизге.

- Турат мырза, Сыргак Абдылдаевге кол салууну кесиптик ишине байланыштуу деп айттыңыздар, ал эми айрым талдоочулар анын жеке таарынычтары болушу мүмкүн деген божомолдорун дагы айтышууда. Бул кокустук кол салуу эмеспи?

- Мен башка кишилердин сүйлөгөнүнө таң калам чынын айтканда. Бул киши биз менен иштеп жүргөн. Бизге келип өзү кээде мусапырланып жалынып турчу, коркутуп атат, кыйнап, телефон чалып атат деп. Биз сооротуп койчубуз.

- Сыргак Абдылдаевге чейин гезит редакциясына кандайдыр бир кокутуп-үркүтүүлөр болгон жок беле?

- Бир жолу Обом деген топ атынан келип, коркутушуп-үркүтүшүп, дагы кудайга шүгүр, жума күн болуп эч ким жок болгон. Бир гана кичинекей офис менеджер бар эле. Дагы бир авторубуз Хабира Мажиева деген, ал Чоң-Кемин жөнүндө материал жазып, кийин кечинде сабалып, анан баш баанек алып Швецияга учушка мажбур болгон. Азыр ошол жакта иштеп жүрөт.

- Учурда өлкөдө сөз эркиндигине кысымдар болуп жатат деп айтылууда. Ал эми президент өткөндө массалык маалымат каражат өкүлдөрү менен жолукканда Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги башка өлкөлөрдө жок дебедиби. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Сөз эркиндиги деген албетте бар. Анткени биз деле сүйлөшүп отурабыз. Бирок сөз эркиндиги бул саясий өлчөм жана саясий категория. Бул чөйрөдө кыйынчылыктар бар. Сөз эркиндиги бар деп койсок болот. Бирок баардыгына суроону сөз эркиндигинин баасына, наркына жана салмагына коюш керек. Салмагы, баркы-наркы болсо бул журналисттердин ажалы, каны, же ден-соолугу болуп калып атат.

- Сөз эркиндигинин жана журналисттердин коопсуздугун коргоо боюнча мамлекет тарабынан кандай колдоолор керек деп ойлойсуз?

- Бул бир гана адамдын өзүнүн жеке менчик менталитети, же рухий сапаттарына байланыштуу болот. Мисалы, ар бир өлкөдө өзүнүн падышасынын, же бийликтин ыкмаларына, же заманына жараша экен. Муну бүгүн өкмөт мындай десе эле баардыгы жакшы болуп калат деп айтыш абдан кыйын. Анткени бизде 17 жылдан бери келген бийликтин сезими азырынча саясатчылар айткандай, криминалдык сезим. Анткени соттошуп, ошону далилдешип айтышып отурушпайт, көбүнчөсү кара күч менен эле чечишип алышат.

-Журналисттер бирикмеси жана башка журналисттер айтып атат, жалпы ММКлар биригип, өзүбүздүн укугубузду коргошубуз керек деп. Мына ушулардын колунан бир нерсе чыгабы?

- Сыргактан кийин бизге көп жардам берип атышат, кайрылуулар, кеңештер болуп атат. Жалпысынан жок дегенде бир жумалык бойкот түрүндө саясий маселелерди чагылдырбай, унчукпай кое берсе болот эле, ошондо көңүл бурулат эле. Журналистсиз адам баласы эч нерсени биле албайт азыркы заманда, чоң китептерди классиканы окуганга убакыт деле жок, тырышкан дүнүйө. Ошон үчүн гезит окуп, же телеканалдарды көрүшөт.
XS
SM
MD
LG