Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Бийлик-оппозиция: биринчи айлампа


Бишкекте Бириккен оппозиция менен бийлик өкүлдөрү жолугуп биринчи сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бүгүн тараптар бири-биринин дооматтарын угушту. Оппозиция тарап саясий куугунтуктарды токтотуу жөнүндө маселени кабыргасынан койду.

Жолугушууга бийлик тараптан мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеваная, башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, президенттик администрация башчысынын орун басары Каныбек Жороев, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, Коррупцияга каршы комитеттин комиссары Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештеги “акжолчу” депутат Зайнидин Курманов катышты.


Бириккен оппозиция тараптан Абдыганы Эркебаев, Асанбек Сарыбаев, Мукар Чолпонбаев, Иса Өмүркулов жана Топчубек Тургуналиев келишти.

Булардан тышкары бийлик-оппозициянын сүйлөшүүлөрүндө байкоочу болуп коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, Коомдук палатанын жетекчиси Кубанычбек Сыйданов жана акыйкатчы Турсунбек Акун отурду.

Оппозиция тарап соңку учурда саясий куугунтуктар күчөп чыкканын баса белгилешип, мындай аракеттерди токтотууну талап кылышты. Бийлик тарап жаңжалдуу иштерди сот чечсин деп жооп кайтарды
.

Оппозициянын атынан катышкан Мукар Чолпонбаев сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттанбаганын билдирди. Кийинки сүйлөшүүлөр деле эки тарапка пайда апкелерине анын көзү жетпейт.

Бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн эмки кездешүүсү 13-мартка белгиленди.

XS
SM
MD
LG