Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

11-март: Тарых барактары


Кара Кыргыз автономиялык областынын Элге билим берүү бөлүмүнө караштуу Академиялык Борбордун кезектеги жыйыны 1925-жылдын 11-март күнү Ташкент шаарында өткөрүлгөн. Россия мамлекетинде 1801-жылдын 11-марттан 12-мартка караган түнү сарай төңкөрүшү жасалган.

Кара Кыргыз автономиялык областынын Элге билим берүү бөлүмүнө караштуу Академиялык Борбордун кезектеги жыйыны 1925-жылдын 11-март күнү Ташкент шаарында өткөрүлгөн. Жыйында илимий чогулушту ушул жылдын май айында өткөрүү, билим берүү багытында маселелер сыяктуу каралган.

Париж клубу аталган дүйнөлүк кредиторлордун биримдиги Кыргызстандын тышкы карызынын 124 миллион долларын кечкендиги туурасындагы маалыматты финансы министрдигинин пресса кызматы 2005-жылдын 11-март күнү коомчулукка маалымдаган. Мындан тышкары, Париж клубу Кыргызстандын 431 миллион доллар өлчөмүндөгү тышкы карыздын төлөнүш мөөнөтүн соңку мөөнөткө жылдырган. Дүйнөлүк кредиторлор биримдигинин чечимине ылайык коммерциялык кредиттин 50 проценти кыскартылып, калган 50 проценттик акчанын төлөнүш убактысы 23 жылга узартылган.

АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча бюросунун Кыргызстандагы кырдаалга баа берген расмий докладына байланыштуу Тышкы иштер министрдиги 2005-жылдын 11-мартында атайын билдирүү тараткан. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда өткөн шайлоо жарышын жана андан чыккан саясий кырдаалды бир тараптуу баалаган деп Кошмо Штаттардын департаментине айып койгон.

Литва мамлекети 11-мартты өлкө эгемендик күнү катары белгилейт. Литва мамлекети 1918-жылдын 16-февралында эгемендик Декларациясын кабыл алган. Молотов-Риббентроптун 1939-жылдын 23-август күнү кол койгон пактысына ылайык Литва Германия мамлекетине кошулган. Кийин келишим кайра каралып Германия Литваны Советтер Союзуна берген. Литванын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын 11-март күнү барып Литва Республикасынын калыбына келишин жарыялаган.

Шекспирдин жазганына караганда дүйнөдөгү эң кайгылуу повесттин каармандары Ромео менен Джульетта 1302-жылдын 11-март күнү баш кошушкан.

Наполеон Бонапарт 1799-жылдын 11-март күнү Палестинанын Яффа шаарындагы кара тумоо каптаган баракка кирген. Айтылуу полководецтин мындай эрдиги кийин көптөгөн сүрөт жана чыгармаларда чагылдырылган.

Россия мамлекетинде 1801-жылдын 11-марттан 12-мартка караган түнү бийлик төңкөрүшү жасалган. Кутумчулар падышаны өлтүрөөр алдында шампан ичимдигин ичишип, Петербург шаарындагы Ыйык Архангел чегинде жайгашкан император Павел I өлтүрүшкөн.

ВКП (б) Борбордук Комитетине караштуу коомдук илимдер Академиясынын 1949-жылдын 11-март күнкү жыйынында Минц, Лурье. Рубинштейн жана башка тарыхчы «космополиттер» сынга алынган.

Ричарда Никсон өз маалында АКШ президенти болуп турган маалында Сальвадор Альендени Чили мамлекетинин башына бийликке келтирбегиле деп ЦРУга көрсөтмө бергендигин 1976-жылдын 11-март күнү мойнуна алган.

Күн системасындагы белгисиз планетанын орбитасын эсептеп чыккан француз астроному Урбен Жан жозеф Леверье 1811-жылдын 11-март күнү жарык дүйнөгө келген. Астроном ачкан планета кийин Нептун аталып, аны 1846-жылы немец астроному Галле тапкан.

Айтылуу швейцариялык тамеки фирмасын негиздеген Зино Давидоффтун киндик каны 1906-жылдын 11-март күнү Киев шаарына тамган. Болочок ишкер 5 жашына келгенде анын үй бүлөөсү Швейцарияга көчкөн. Зино Давидоффтун атасы Женева шаарындагы Философтор бульварында тамеки күркөсүн ачкан. Айрым маалыматтарга караганда анын биринчи кардарларынын катарында В. И. Ленин эскерилет.
XS
SM
MD
LG