Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

ОШ: Чет өлкөлүктөр балдарды мыйзамсыз асыраган факты боюнча кылмыш иши козголду


«Азаттыкка» бул туурасында Ош шаарынын прокурору Бөкөнбай Казаков маалымдады. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айыпталуучулардын азырынча ысымын атоого мүмкүн эмес. Бирок түштүк борборунун жарандык абалды аныктап каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери мансабынан кыянат пайдаланып, чет өлкөлүктөр асырап алган балдарды мыйзамсыз каттаган. А өзү мындай уруксатты сот гана берүүгө акылуу болчу. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган тарабынан былтыр жогорудагыдай алты факты аныкталды. Учурда териштирүү жүрүп, жооптуу адамдардын окуяга тиешеси ырасталууда. Ош шаардык жарандык абалды аныктап каттоо бөлүмүнүн башчысы Светлана Жороева асыралган балдардын документтери мыйзам чегинде катталгандыгын, бул жерде прокуратура тарабынан түшүнбөстүк болуп жаткандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG