Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Кыргызстандын аймактарындагы басма сөз каражаттары тиешелүү деңгээлде каржыланбагандыктан, жабылып калуу коркунучунда турат.

Мындай арыз муңдар жакында Талас шаарындагы ресурстук борбордо талкууга алынды. Облустук «Талас турмушу» гезиттин башкы редактору Козубек Иманкулов бир жылдан бери бийлик тараптан каржылоо болбой өздөрүнүн арабасын өздөрү тартып келе жатканын “Азаттыкка” кайра-кайра кайрылып айтып келет.

Гезиттин жетекчиси бул маселени жакында Талас шаардындагы массалык маалымат каражаттарын колдоо ресурстук борбордо болгон жыйында да көтөрүп чыкты. "Бүгүнкү учурда 62 миң сом светке, басмаканага 20 миң сом, телефонго болгон карыздарды ай сайын колдон келишинче төлөп азайтканыбызга карабастан кайра эле көбөйүп кокодон алып келишет",- дейт Иманкулов.

Жогоруда айтылгандай гезиттерди сатуудан алынган салык тууралуу жаңы кабыл алынган салык мыйзамдарына Президент тараптан мораторий жарыяланганы менен бул маселе толук чечилди деп айтуу кыйын. Бул тууралуу тез аранын ичинде массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү биригип өз сунуштарын президентке, Жогорку Кеңешке сунуштоосу зарыл дейт жаңы түзүлгөн Комдук Палатанын өкүлү Антонина Блиндина:

- Мамлекетте ушундай жагдай болуп жатат, мурда мамлекеттик гезиттер жакшы жашайт, оппозициячыл гезиттер начар деп келсек, азыр мамлекеттик да, опозициячыл гезиттер да материалдык жактан алганда начар жашап жатышат. Азыркы апта жаңы кабыл алынган салык мыйзамдарына мараторий жарыяланды. Мен ойлойм азыркы учурда массалык маалымат каражаттары биригип ушул мыйзамдарды кабыл алдырбоого аракет кылуу зарыл. Бирок тилекке каршы азырынча баштарыбыз бириге элек. Мага ишенип койгула биздин ассоциацияга, коомдук палатага бул тууралуу гезиттин жааматтарынан арыз түшө элек.

Талас жергесинде бийлик менен массалык маалымат каражаттардын ортосунда чоң ажырым бар деп эсептеген «Ачык саясат» гезитинин Таластагы кабарчысы Данил Акжолов гезитти мамлекет тараптан жакшы каржылатыш үчүн алар жөнүндө курч макалаларды берип, аларды сездендирип туруш керек дейт:

- Бийлик менен ММКлардын ортосунда келишпестик көп экенин билдим. Анткени өзгөчө Талас облусундагы ММКлардын баарын тумчуктуруп, муунтуп койгонбу, эч кандай Талас эли, Таластын өсүп-өнүгүшү жөнүндө, социалдык көйгөйлөр тууралуу эч кандай макалалар берилбей келүүдө.

Бүгүнкү учурда Талас аймагында «Талас турмушу», «Манас ордо», «Талаский вестник», 4 райондо 4 райондук гезитер жана менчик гезиттерден «Дабан» сыяктуу гезит басылып жарыкка чыгууда.
XS
SM
MD
LG