Бул тууралуу Бириккен Элдик Кыймылдын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мукар Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн 11-мартта Жекшенкуловдун кармалышына 48 саат болот. Ошондуктан аны кармоону улантуу үчүн соттон санкция алынууга жана айып коюлууга тийиш. “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов 9-мартта кармалган. Анын тапанчасы менен 2007-жылы түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп шектелүүдө. Оппозиция муну саясий куугунтук катары баалоодо. Айрым маалыматтарга караганда, Жекшенкуловдун кармалышына байланыштуу бүгүн Кочкордо жана Бишкекте нааразылык акциялары болот.(AiT)