Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Оппозиция бийлик менен алгачкы жолугушуудагы болгон сөзгө канааттанбаганын “Азаттыктын” таңкы маегинде БЭКтин катчылыгынын жетекчиси Асанбек Сарыбаев билдирди.

- Асанбек мырза оппозициянын чакан тобу менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусуна сиз дагы бардыңыз. Ошол жолугушууда козголгон негизги маселеге токтоло кетсеңиз?

-Кечээ Кыргызстандын кесиптик биримдигинин имаратында бийлик менен оппозициянын биринчи жолугушуусу болуп өттү. Бийлик тараптан мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу баш болгон президенттин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванная, башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жана башка бийлик өкүлдөрү болду.

Оппозиция тараптан мен, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев болду. Жолугушууну Жаңыл Түмөнбаева алып барды. Сүйлөшүүнүн башталышында эле биз тараптан мурда коюлган өлкөдө саясий куугунтукту токтотуу маселеси козголду.

Бирок бийлик тарап бүгүнкү күндө Кыргызстанда мыйзам чегинде саясий куугунтук болгон жок, андай түшүнүк да жок деп четке какты. Ошентип талаш-тартыш менен күн тартибин дагы беките алган жокбуз. Бирок биз сүйлөшүү жүргүзөлү деп, саясий лидерлерге козголгон кылмыш иштери тууралуу далилдүү айттык.

Айрыкча, айрым адамдар оппозицияга кошулгандан кийин гана алардын артынан кылмыш ишин козгогону боюнча айтканыбызда, бийлик тарап бул боюнча эки-үч күндөн кийин жообун берелик дешти.

-Бийлик менен кечеги сүйлөшүүнүн жыйынтыгына БЭКтин укуктук жактан бөлүмүнүн башчысы Мукар Чолпонбаев эле канааттанбагандыгын билдирдиби же оппозициянын башка өкүлдөрү дагы канагаттанбай калдыбы?

-Негизинен бардыгыбыз эле канагаттанбагандай болдук. Эмне дегенде бийлик тарап мунун бардыгын эле саясий куугунтук катары кабыл албай, кылмыш иши деп турат. Ошондуктан бул жолугушуу жеке мени дагы ынандырган жок.

-Эгерде жума күнү оппозициянын саясий куугунтукту токтотуу талабын бийлик канаатандыра турган болсо, сүйлөшүү башка өңүттө, тактап айтканда саясий-экономикалык багытта улантылып, алдыда даярдалып жаткан митинг токтотулушу мүмкүнбү?

-Бул маселе боюнча бүгүн Бириккен Элдик Кыймылдын саясий бюросу чогулуп талкуу өткөрөбүз. Эгерде саясий куугунтук токтосо Кыргызстанда болуп жаткан социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк ачылат деген ойдомун.

- Айрым байкоочулар президент Курманбек Бакиев оппозиция менен жолугушпайт деген божомолдорун айтышууда. Сиздин баамыңызда Бакиев оппозиция менен жолугушабы?

-Кыргыз Республикасынын президентинин өзүнүн айтканы бар, оппозиция менен март айында жолугушам деген.

- Өлкө башчысы менен оппозиция жолугууга даярбы?

-Даяр.

- Эгерде президент менен жолугушуп калсаңар негизинен кайсы маселелерди көтөрөсүздөр. Анда дагы саясий куугунтукту токтотуу талабын коесуздарбы же башка дагы маселелер барбы?

-Эми саясий куугунтук боюнча маселе ага чейин чечилет деген ойдобуз. Бирок менин жеке баамымда саясий куугунтук токтотулбаса мындан ары карай сүйлөшүүлөрдү өткөрүү натыйжасыз болуп калат. Эгерде президент менен жолугушуу болуп калса саясий-экономикалык, энергетика, коррупция жана башка жүйөлүү маселелер боюнча БЭК өз сунушун билдиргенге даяр.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG