Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Темир Сариев: Бардыгы президент Курманбек Бакиевдин чечкиндүүлүгүндө


“Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү президенттин чыныгы каалоосу менен жүргүзүлгөн болсо, эгер мамлекет башчы чындап эле бүгүнкү социалдык-экономикалык абалды түшүнүп, саясий куугунтуктарга, адам укугунун бузулушуна бөгөт коем десе, анда кечээ башталган жолугушуулардан бир жыйынтык чыгат, деп ишенсе болот,” дейт “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыкка”. Анын айтуусунда буга президент Курманбек Бакиевдин саясий эрки жетеби, өзүнүн тапшырма-буйруктарын аткарбаган адамдарды жазага тарта алабы же жокпу, бул да чоң суроо. Анткени азыр анын айланасындагылар буйрук берип, өлкөнү ошолор башкарып калганы эч кимге жашыруун эмес, дейт Темир Сариев.
Кечээ бийлик менен оппозициянын алгачкы сүйлөшүүлөрү болуп, тараптар бири-биринин дооматтарын угушкан. Оппозициянын саясий куугунтукту токтотуу тууралуу талабына бийлик тарап бул иштерди сот чечет, деп жооп кылган. Жолугушууга катышкан айрым оппозиционерлер сүйлөшүүлөргө канааттанбагандыгын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG