Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

А. Жекшенкулов бүгүнкү авторитардык системанын курмандыгы


Мындай маанидеги билдирүүнү “Ата Мекен” партиясы таратты. Билдирүү ээлери Аликбек Жекшенкуловдун кармалышына байланыштуу күч органдарынын аракеттерине кыжырдануусун билдирип, Жекшенкуловдун кармап, суракка алууда, ага жана адвокатына тергөөчү тараптан орой мамиле жасалгандыгын белгилеп, бул Кыргызстанда мыйзам күчүн жоготкондугунун белгиси, деп билдиришкен. Ошондой эле анда “Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы эс алуу күнү камакка алуу мыйзамдан тыш жана бул түздөн-түз саясий буйрук, деп жазылган. Билдирүүдө айтылгандай А. Жекшенкулов авторитардык системанын курмандыгы, бийлик мына ушундай кармоо-камоолор менен элдин үшүн алууга, муну менен өзүнүн бийлигин сактап калууга аракет кылууда, деп белгилешет.
Партиянын билдирүүсүндө айтылгандай учурда күч структурасы, соттор өздөрүнүн Башмыйзам милдеттендирген ишин эмес, бир ууч кишинин бийлигин сактап калуу үчүн кызмат кылып, мамлекеттин, элдин, салык төлөөчүлөрдүн акчасын мына ушул бир уучу кишинин бийлигин сактап калуу үчүн коротуп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG