“Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ИИМ жана Башкы прокуратуранын ишин текшерүү үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу бүгүн Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирген Т. Исмаилова аталган күч органдары кылмыш кылгандарды иликтөө, табуу иштерин натыйжалуу жүргүзбөй жаткандыгына нааразы. Укук коргоочу буга мисал катары 2007-жылы октябрда Ошто белгисиз бирөөлөрдүн аткан огунан каза тапкан журналист Алишер Саиповдун өлүмү эмдигиче ачылбай келе жаткандыгын, өткөн жылы күзүндө удаасы менен дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоев менен ишкен Бахтияр Амиражанов тууралуу бүгүнкү күнгө чейин эч кандай илинчек болбой жаткандыгын белгилеп кетти.(ZKo)
Айрым бейөкмөт уюмдар күч структураларынын ишмердүүлүгүн депутаттык комиссия текшерүүсүн сурашууда