Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Еврокомиссия Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн


“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса Еврокомиссия Кыргызстандын аймагынан чыгып кетээрин эскертти. Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлайкан Исмаилова ЖКнын Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, Еврокомиссия мындай ниетин бийликке атайын дипломатиялык каналдар аркылуу жеткиришкен.
Бул маалыматты Еврокомиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.(КЕ)

XS
SM
MD
LG