Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоору тактоолорго муктаж


Мындай маалыматты КР президентинин алдындагы катчылык бүгүн таратты. Анда айтылгандай республика аймагында кайсы гана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердиги мыйзам тарабынан шексиз жөнгө салынууга тийиш. Коммерциялык эмес уюмдар эмне иш менен алектенип, акчаларын эмнеге коротуп жатканын коомчулук билүүгө акылуу. Алардын ишмердиги, анын ичинде каржылык жагы ачык жана айкын болуусу зарыл, деп айтылат маалыматта. “Бирок Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбоору азыркы мазмунунда Кыргызстандын эларалык аренадагы демократиялык жоболорду урматтаган өлкө катары кадыр-баркына олуттуу доо кетириши мүмкүн. Сунушталган оңдоолор кабыл алынса, өлкөдө ача пикирлерди жана араздашууларды жаратышы ыктымал. Бул болсо Кыргыз президентинин 27-январдагы улутка кайрылуусунда камтылган бийлик менен жарандык коом ортосунда диалог жана конструктивдүү кызматташтык принцибине кайчы келет,” деп жазылат президенттик катчылыктын маалыматында. Ошондой эле президенттик катчылык “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кароону артка жылдырып, жарандык коом өкүлдөрүнүн, эксперттик жамааттын жана ар кыл саясый күчтөрдүн сын пикирлерин жана каалоо-тилектерин эске алуу менен жеткире иштеп чыгып, анан Жогорку Кеңешке киргизүүнү сунуш кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG