Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Жалалабат облусундагы бейөкмөт уюмдар жарандык коомдун укугун чектөөгө каршы


Алар Жогорку Кенеш менен президенттен жана Акыйкатчыдан коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышты. Тегерек үстөлдө айтылгандай долбоор жарандардын Конституциялык укуктары менен демократиянын баалуулуктарына каршы келет. Өкмөттөн каржы албай, өлкөнүн саясий-социалдык-экономикалык турмушуна чет элдик каражат менен үлүш кошкон уюмдардын укугун бузуу туура эмес. Долбоордун 1-беренесине ылайык саясий ишмердүүлүктөргө тыюу салынса, жарандык коом аркылуу бийликтин ишине баа берген адамдардын шайлоолорду байкоо, шайлоо комиссияларынын курамына кирүү укугу жоюлат. Өлкө коопсуздугуна шек келтирчү уюмдар тегиз текшерүү аркылуу эмес, жекече тескелип, кылмышына жараша жооп берүүсү зарыл, -деп белгиленди талкууда. Анда мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу сунушу да берилди.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG