Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Билим берүү министри мектептерге диний жоолук менен келүүгө тыюу салуу буйругун өзгөрттү


Бул тууралуу илим жана билим берүү министри Абдылда Мусаев журналисттерге билдирди. Анын маалыматы боюнча министрликтин “Орто мектептерге диний жоолук менен келүүгө тыюу салуу” тууралуу буйругу айрым бейөкмөт уюмдар тарабынан коомчулукка туура эмес түшүндүрүлүп жатканы үчүн ата-энелерден көптөгөн арыз-даттануулар министрликке келип түшкөн. Мына ушул себептен улам өзүнүн 19-февралдагы буйругуна расмий өзгөртүү киргизгендигин белгиледи Абдылда Мусаев. Буга ылайык орто мектептердин мугалимдери бирдиктүү форма кийүү талабын жана дин таанымын билдирген кийимдерди кийүүнүн максатсыздыгын окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш.(ZKo)

XS
SM
MD
LG