Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Жалал-Абатта бейөкмөт уюмдар алардын жолун торогон мыйзамды кабыл албоого чакырууда


Алар Жогорку Кенеш менен Президенттен жана Акыйкатчыдан коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдолбоорун кабыл албоону өтүнүштү. Тегерек үстөлдө айтылгандай, долбоор жарандардын конституциялык укуктары менен демократиялык баалуулуктарга каршы келет. Анда бейөкмөт уюмдарды текшерүү жана көзөмөлдөө жагы күчөтүлгөн.Өкмөттөн каржы албай, өлкөнүн саясий-социалдык-экономикалык турмушуна чет элдик каражат менен үлүш кошкон уюмдардын укугун бузуу тура эмес. Долбоордун 1-беренесине ылайык саясий ишмердүүлүктөргө тыюу салынса, жарандык коом аркылуу бийликтин ишине баа берген адамдар шайлоолорго байкоо салуу, шайлоо комиссияларынын курамына кирүү укугунан ажырайт. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG