Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Пакистанда массалык нааразылык акциясын утурлай оппозициянын жүздөгөн активисттери камалды


Ал эми өлкөнүн эки провинциясында: Пунджаб менен Синдде коомдук жыйындарга тыюу салынды. Юристтердин нааразылык акциясы бейшемби күнгө белгиленип жаткан эле. Алардын нааразылыгына азыркы президент Асиф Али Зардаринин Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Ифтикар Чоудрини кызматына кайра дайындоодон баш тартканы себеп болду. Ифтикар Чоудри кызматтан 2007 –жылы мурдагы президент Первез Мушараф тарабынан четтетилген.

Пакистандын оппозиция колдогон юристтери өкмөттүн чараларына карабай, белгиленген нааразылык акцияларын бүткүл өлкө боюнча өткөрүүнү убада кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG