Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Германияда мектептеги атышуудан он алты адам каза тапты


Окуя Штутгарттан алыс эмес жерде жайгашкан, Винненден деген чакан шаардагы орто мектептердин биринде болду. Аскерлердикине окшош кара кийинген адам мектепке келип, баш-аламан ок чыгарган. Андан он беш адам, анын ичинде 9 мектеп окуучусу, үч мугалим жана үч жолоочу мерт болду. Ок аткан адамдын өзү кийинчерээк полиция менен атышуу учурунда өлтүрүлдү. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал 17 жаштагы өспүрүм, өзү кол салган мектептин мурдагы окуучусу болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG