Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Түштүк Осетия Орусиянын аскер базаларын 99 жылга жайгаштырууга даяр


Түштүк Осетиянын президенти Эдуард Кокойты “Интерфакс” маалымат агенттигине берген маегинде, буга байланыштуу макулдашууга жакын арада кол коюлуп каларына үмүт артты. Өткөн аптада Абхазия Орусиянын аскер базаларын өз аймагында 49 жылга жайгаштырууга макулдугун берген. Өткөн жылы расмий Тбилиси Түштүк Осетия жана Абхазияда конституциялык тартип орнотууга аракет жасаганда Грузия менен Орусия ортосунда кыска мөөнөттүк согуш жаңжалы чыккан. Жаңжалдан кийин Кремль Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкө деп тааныган, ал эми расмий Тбилиси бул жикчил аймактарды өз өлкөсүнүн ажырагыс бөлүгү катары санап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG