Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Марс Сариев: Оппозицияда эл жүрөгү менен ишенип колдогон лидер жок


“Мындан тышкары азыр бийлик күч структурасын болушунча күчтөнтүп, элди сестентип турат. Ошондуктан, бул жолу 2005-жылы марттагыдай кырдаал болбойт,” –дейт саясат талдоочу Марс Сариев “Азаттыкка”. Анын ою боюнча кырдаалдын кайсы тарапка карата оошу –элдин колунда. Эгер эл оппозицияны ээрчип, аянтка көп чыгып, бийликтин кетишин талап кылса, анда Бакиевдин режими элди чындыгында тажатканы билинет, эгер андай болбосо, демек элдин бийлик алмашуусун каалабаганы. Саясат талдоочу оппозиция бул жолу да Алайда, Кочкордо элди көтөрүүгө аракет кылып, баягы эле аймактык, уруулук, кландык система менен ишти алып барып жатканы колдоого аларлык эмес, деп эсептейт. Марс Сариевдин пикиринде азыр бийлик да, оппозиция да элди ойлогон жери жок. Бул жерде эки жак үчүн да маанилүү –бийлик. (ZKo)

XS
SM
MD
LG