Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Орозбек Молдалиев: Оппозицияны колдоочулар көбөйүп атат


Азыркы энергетикалык абал, баалардын өсүшү буга негизги себеп, дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев. “Каржылык кризис билине баштады, мына Орусиядагы мигранттар кайтып атышат, аларга бул жакта иш жок. Өлкөдө социалдык-экономикалык абал оорлошууда. Ошондуктан, мындай чайпалган кырдаалды оппозиция толугу менен пайдаланып кетүү мүмкүнчүлүгү бар,” дейт Ороозбек Молдалиев. Ошондой эле анын айтуусунда бул оппозициянын элдин нааразылыгын уюштура билүүсүнө жана бийликтин аракетинен да толук көз каранды. “Эгер азыр бийлик Москвадан күтүп аткан акча келбесе анда абалы оор болуп калат. Орусиядан 300 млн. доллардын келер-келбеси азыр белгисиз, анткени ага байланыштуу келишимди мамлекеттик Дума беките элек. “Манас” аба базадан түшө турган каражаттан кол жуудук. Биздин негизги донор АКШ болчу, эми алар да салкын мамиле жасап, каржылык жардам берүүдөн баш тартып коюшу мүмкүн,” дейт саясат талдоочу. Орозбек Молдалиевдин сөзү боюнча бийлик азыр экономикалык кризистен чыгууга жол издөөнүн ордуна жалаң өзүн мактоочу акциялар менен гана алек болууда, кырдаалдан чыгуу боюнча жазылган программа, аракеттердин артында болсо каржылык колдоо берүүчү каражат жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG