Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Кыргызстан патриоттук партиясы БЭКтин чечимин колдоого алат


Аталган партия жана Коорупциялык системага каршы күрөшүү Элдик патриоттук революциялык кыймылы жалпы Кыргызстан боюнча массалык нааразылык акцияларга чыгуу тууралуу БЭКтин чечимин колдоого алат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Назарбек Нышанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Кыргызстан патриоттук партиясы жана Коорупциялык системага каршы күрөшүү Элдик патриоттук революциялык кыймылы азыркы тоталитардык башкаруу системасына жана коррупцияга каршы БЭК менен чогуу чыкмакчы. Назарбек Нышанов ошондой эле президент Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүсүн талап кылган 180 миң адамдын колу чогулганы, бул иш-чара дагы ыкчамдык менен уланарын кошумчалады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG