Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Ж.Турдукожоев: Оппозиция бийликтен түңүлдү


“Оппозиция - бийлик сүйлөшүүсү бийликтин күнөөсү менен токтотулду. Бийлик сунушка, идеяга күчтү каршы коюп, оппозициядагы көрүнүктүү лидердердин бири А.Жекшенкуловду камап койду. Мунун өзү эле бийликтин сүйлөшүүгө көңүлү жок экендигин, аргасы жоктон, алдыдагы саясий акциялардын кооптонгондон эле сүйлөшүүгө барганын көрсөттү. Чындап диалогко даяр болсо, бийлик саясий эркин көрсөтмөк. Бийликтен түңүлгөн оппозиция азыр элге үмүт артууда. Ал эми элдин кыжырдануусу бүгүнкү күнү апогейине жетип турат. Оппозиция менен эл кандай кызматташа алат, өлкөдө саясий жараяндар ушуга жараша өнүгөт” – деп билдирди, серепчи Жыргалбек Турдукожоев "Азаттыкка".(EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG