“Күч органдарынын адамдары оппозицияга катуурак сын айтып койду. Оппозиция актанганга эчтеке таппай ушундай чечимге келип атат. Мурда бийлик бизден коркот дешчү эле, эми өздөрү сүйлөшүүдөн буйтап атышат” – деп Жогорку Кеңеште бийликчил “Ак жол” фракциясынан депутат Ибрагим Жунусов оппозиция-бийлик сүйлөөшүүсүн үзгүлтүккө учурашына баасын берди. Оппозициянын 27-мартка белгилеп жаткан акциясы тууралу ал: “ Көп деле толкундоо болбойт. Эл чогулбайт. Биз өзүбүз жер-жерлерди кыдырганда карапайым калк “тынч жашоо берсинчи, баш-аламандыктын кереги жок” деген сөздөрүн айтышкан. Анын үстүнө оппозициянын дооматтары такыр туура эмес. Экономикалык, энергетикалык кризис жалгыз Кыргызстанда болуп жаткан жери жок. “Бакиевсиз шайлоо” деген ураан да негизсиз. Оппозиция эмес муну эл чечет да. Президент К. Бакиевдин экинчи мөөнөткө барганга укугу, уруксаты бар” –дейт депутат.(EK)