Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Ноокат окуясы тууралуу Москвада маалымат жыйыны берилүүдө


“Мемориал” укук коргоо борборунун Орто Азия программасынын жетекчиси Виталий Пономаревдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча ушул тапта кыргызстандык укук коргоочулар Азиза Абдурасулова жана Дмитрий Кабак журналисттерге Ноокат окуясы тууралуу айтып беришүүдө. Анын белгилегени боюнча укук коргоочулар орусиялык жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн Ноокат окуясын иликтеген көз карандысыз комиссиянын иши менен тааныштырып жатышат.
1-октябрь күнү Ноокат районунда Орозо айт майрамын майрамдоого байланыштуу чыр-чатак чыгып, натыйжада 32 адам сот жообуна тартылган. Кыргызстандык укук коргоочулар иш жергиликтүү күч кызматкерлери тарабынан адилеттик менен иликтенбей, күчтөп мойнуна алдыруу иштери болгон, деген тыянак чыгарышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG