Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Президент жаштар менен жолугушуу өткөрүүдө


Президент Өкмөт үйүндө азыр жаш аткаминер, ишкер, окумуштуулар менен жолугушуп жатат . Президент Курманбек Бакиевдин сөзүнө караганда, "жолугушуу бүгүнкү дүйнөлүк каржы жана экономикалык кризис шартында социалдык маселерди чечүү үчүн жаңы жолдорду издөөдө конкреттүү кадамдарды баштоо максатын көздөйт". Жолугушууга келген жаштарды “алтын ресурс” деп атаган президент жогорудагы кризистерден чыгуу үчүн өлкө жетекчилиги бул ресурсту натыйжалуу колдонууга умтулуп жатканын айтты. Өлкө башчысы ошондой эле башкарууга жаштарды тартууга мезгил келгенин белгилеп, өлкөнү башкаруудагы эски ыкмаларды жаңыртууга багыт алганын билдирди. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG